Бишкекте жылуулукка көп кабаттуу үйлөрдүн 62 пайызы туташтырылды.
Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактарынын” директору Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, жалпысынан ишкананын балансында 2 миң 300 батир бар.
Социалдык объектилерге жылуулук берүү уланууда. Белгилеп кетсек, ордо калаада жылуулук сезону кечээ старт алды. Адатта объектилерди толугу менен жылуулук менен камсыздоого 3 күн талап кылынат.