Айрым чет элдиктерге Кыргызстанда жашоого уруксат жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берилет.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кеп өлкө экономикасына 10 миллион сомдон ашык салым кошкон адамдар жөнүндө болуп жатат.
Аларга арыз бергенге чейин 6 айдан кем эмес мөөнөткө милдеттүү түрдө жашаган жери жок жашоого уруксат берилет.
Бул чаралар чет өлкөлүк түз инвестициянын агымын көбөйтүү максатында көрүлүүдө.