Билим берүү мекемелери суук аймактарда окууну баштабай турса болот

Билим берүү мекемелери суук аймактарда окууну баштабай турса болот.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында,

жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мектептерди жылуулук менен толук камсыздоо тапшырмасы берилген.

Эгерде суу түшүп кетсе, жылуулук берүүнү эртелеп баштоого туура келет. Андыктан, ар бир облустун

жетекчилери бул маселени карап, өздөрү чечим кабыл алышы керек. Боронов кошумчалагандай,

учурда билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо боюнча тендерлер өткөрүлүп,

каражат бөлүнүп, график менен бардыгы убагында алынып жатат.