Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды Пакистандын кара тизмесинен чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды Пакистандын

кара тизмесинен чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ведомство жетекчиси Пакистанга

расмий иш сапары менен кетти. Жолугушуунун алкагында эки тарап билим берүү тармагында

тажрыйба алмашууну жана пакистандык студенттердин биздин өлкөгө келүү шарттарын жакшыртууну талкуулашты.

Эске салсак, студенттердин 90 пайызы өз өлкөсүндө аттестациядан өтпөй калгандыктан,

Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды кара тизмеге киргизген.