Түркиядагы зилзала кеминде 12 кишинин өмүрүн алды

Түркиянын батыш тарабындагы кубаттуу зилзаладан Измир шаарында бери дегенде 12 киши мерт болду. Алардын бири сууга чөгүп кеткенин «Associated Press» маалымат агенттиги Түркиянын Кырсыктарды жана чукул кырдаалды тескөө башкармалыгына шилтеме кылып кабарлады. Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын саны 400дөн ашты.

 

АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, 30-октябрдагы силкинүүнүн магнитудалык күчү жети баллга чукулдады. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде жайгашканы кабарланды. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калды. Сеферихисар аймагында чакан цунами болду.

 

Мындан тышкары зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилди. Маселен Самос аралында кеминде төрт адам жаракат алып, цунами болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

 

Түрк-грек бийлиги жер титирөө болгон аймактарда куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.