Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен утту

Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен утту. Япониянын Осако шаарында өткөн беттеш 8:1 эсебинде жыйынтыкталды. Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады.

 

Ал оюндун 45-60- жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев. Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.