Саламаттыкты сактоо министрлиги 66 тез жардам унаасын жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 66 тез жардам унаасын жогорулатылган баада сатып алганы аныкталды. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, техника рубль менен сатылып алынышы керек болсо, соода доллар менен жүргүзүлгөн.

 

Валютанын айырмасынан улам ар бир унаанын баасын 95 миң сомго  кымбаттатылган.

 

Муну менен мамлекеттик бюджетке 19 миллион сом зыян келтирилди. “Атайлап пайдасыз келишим түзүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.