Бишкектеги үйлөрдүн биринен зер буюмдарды уурдаганга шектүү жаран кармалды

Бишкектеги үйлөрдүн биринен чоң суммадагы зер буюмдарды уурдаганга

шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 22-июлунда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө

жабырлануучу арыз менен кайрылган. Шектүүлөр терезе аркылуу үйгө кирип,

жалпы суммасы 40 миң долларлык бриллиант менен кооздолгон кол саатты,

баалуу таштарды жана 11 алтын буюмду алып чыгып кетишкен.