Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев камакка алынды

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

 

Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаганы аныкталды.

 

Кечээ Максат Токтомушев кызматтан кетүү ниетин билдирди. Бирок УКМК аны дароо кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тергөө жүрүүдө.