Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин электрондук форматта жүргүзүлөт

Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ага караганда, маалыматтарды топтоо алгачкы ирет электрондук форматта өтөт.

Бул максатта аталган мекеме каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу

кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда. Талапка ылайык,

Кыргызстандын 18 жаштан жогорку жарандары аталган кызматта иштей алышат, — дешти комитеттен.