Уюшкан кылмыштуу топтун 16 жолу жоопко тартылган мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун 16 жолу жоопко тартылган мүчөсү кармалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы милициянын тизмесинде турган жаран

кармалганын маалымдайт. Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын октябрында

Ош шаардык милиция бөлүмүнө белгисиз адамдан сабалганын айтып,

жергиликтүү тургун кайрылган. Шектүү мурда кылган кылмышы үчүн

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарында жайгашкан

жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй,

издөөдө жүргөнү аныкталды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.