Быйыл 1 миң 533 аял «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланат.
Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Бул тууралуу өлкө башчы аппаратынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1 миң 14 аял “Баатыр эне” жана 519 аял “Эне даңкы”
медалдары менен сыйланат. Кошумчаласак, аталган сыйлык алты,
жети бала төрөп жана тарбиялаган аялдарга ыйгарылат.