Бишкектеги мектептен алыс эмес жерден карышкыр кармалды.
Vesti басылмасынын маалыматында, жырткыч жаныбарды милициянын
кайгуул кызматы колго түшүрдү. Маалыматка караганда, бүгүн болжол менен
түшкү сат 12де милицияга чакыруу түшкөн. Анда №41 орто мектептин жанында
карышкыр жүргөндүгү айтылган. Ал эми жырткыч жаныбардын шаарга кайдан
келгендиги белгисиз. Бул тууралуу видео соцтармактарга да тарады.