Бишкек Жаңы жылга карата кызуу даярдык көрүүдө. Ала-Тоо аянтында “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлери башкы балатыны кооздоп жатат. Экинчи ири токой сулуусу “Ынтымак” эс алуу багында орнотулат.
Филармониянын алдында 17 метрлик жаңы жылдын символу пайда болот. Ал эми “Чыгыш-5” кичи районунун тургундарын 12 метрлик балаты сүйүндүрөт. Мэриядан белгилешкендей, быйыл шаар көчөлөрүн кооздоого былтыркы жана жаңы коснтрукциялар колдонулат.