Массалык башаламандык болгон Казакстандын аймагында жашоо калыбына келе баштады

Массалык башаламандык болгон Казакстандын Масанчи айылында

жашоо калыбына келе баштады. Жаңжал учурунда качып кеткен айрым

тургундар үйлөрүнө кайтып жатышат. Бирок турак жайлары талкаланып,

унаалары өрттөнгөндүктөн аларды убактылуу мечит, бала бакча имаратына

жайгаштырышууда. Бир нече шаарда гуманитардык жардам чогултула баштады.

Бийлик өрттөнгөн үйлөрдү, жабыркагандардын документтерин кайра калыбына

келтирип берүүгө убада берди. Ошондой эле чыгымдарын да төлөп беришет.