Бишкектеги райондордун аталыштарын өзгөртүү сунушталды

Бишкек шаардык кеңешинин 29-июндагы жыйынында депутат Таалайбек Усубалиев калаанын төрт районунун аттарын өзгөртүүнү сунуштады. Эл өкүлү райондун азыркы аттары моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарды деп эсептейт. Усубалиев улуттук идеологияны жайылтуу үчүн кыргызча аттарды ыйгаруу керек экенин айтты.

 

Депутат Свердловду – Чыңгыз Айтматов же Манас, Биринчи майды – Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов, Октябрды – Байтик баатыр же Сүймөнкул Чокморов, Ленин районун – Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков деп өзгөртүүнү сунуштады.

 

Буга чейин дагы коомчулукта Бишкектеги райондордун атын кыргызча атоо сунуштары айтылып келген.

2022-жылы Бишкек шаарынын 144 жылдыгын белгиленди. Кыргызстандын борбору — Бишкек шаары 1878-жылы негизделген. Калкы бир миллиондон ашкан шаардын жалпы аянты 16 миң гектарды түзөт.