ПСЖ жетекчилиги бразилиялык Неймар менен коштошуу ниетинде

ПСЖ жетекчилиги бразилиялык Неймар менен коштошуу ниетинде. Клубдун өкүлдөрү футболчунун атасы жана расмий өкүлү менен байланышка чыгып, пландары тууралуу маалымдашты.

 

Мындай чечим Килиан Мбаппе менен жаңы келишимге кол коюлганына байланыштуу кабыл алынды. Абалды Неймардын машыгууларга шалаакы мамилеси дагы курчутууда.

 

Эске салсак, Неймар ПСЖга 2017-жылдан бери ойноп келет. Анын келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн болчу.