Белгороддо чыдамкай жалкоолордун сынагы өттү

Белгороддо чыдамкай жалкоолордун сынагы өттү. Жергиликтүү эмерек салондорунун бири 100 саатка созулган сынак уюштуруп, алардын диванында эң көпкө отура алган адамды аныктады.

 

Финалга чейин 2 эркек жетти, алар 4 сутка бою дааратканага дагы турбастан диванда отурушкан. Андан кийин алардын ден-соолугуна чоочулаган уюштуруучулар сынакты токтотуп, экөөнү тең жеңүүчү атап, бирден диван белекке берди.