Бишкектеги убактылуу эмдөө түйүндөрү иштөө графигин өзгөрттү.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жайгашкан эмдөө пункттары
эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин, ал эми райондук бириктирилген
үй-бүлөлүк медицина борборундагы түйүндөр 8ден кечки 8ге чейин иштейт.
Дем алыш күндөрү түшкө чейин гана. Ошондой эле соода борборлорунда
жайгашкан вакцинация түйүндөрү 10дон кечки 8ге чейин ачык болот.