Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоого
мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Ал каттоочулардын уюлдук
телефондоруна жана планшеттерине орнотулат. Анкеталарга өзгөртүү
киргизүүгө каттоочунун гана укугу бар. Эске салсак, 23-марттан 1-апрелге
чейин өлкөнүн бардык аймагында эл жана турак жай фондун каттоо бир
убакытта өткөрүлөт. Шарттары татаал аймактарда 20-апрелден
29-апрелге чейин жүргүзүлмөкчү. Аталган иштерге 25 миң адам ишке тартылат.