Добуштардын 92 пайызы кол менен саналып бүттү. БШКдан билдиришкендей, анда 5 пайыздык чектен 6 партия өттү.
Белгилеп кетсек, добуш берүүдөн кийин 2015-жылдан бери колдонулуп жаткан БШКнын автоматтык эсептөө системасынан улам талаш-тартыш чыккан.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтүп, биринчи жолу аралаш система колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.