Быйыл ички туризмге басым жасалат.
Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.
Былтыркы мониторингдин жыйынтыгында 83 пайызы — кыргызстандыктар,
14 пайызы — КМШ өлкөлөрүнөн, 3 пайызы – европа жана башка өлкөлөрдөн келген
туристтер түздү. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлүп жатат.