Кыргызстан тез жардам унааларын сатып алууга грант алат.
Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү жана турукташыруу фондунун
башчысы Андрей Широков билдирди. Анын айтымында, фонддун
эсебинен 3 миллион доллар грант берүү боюнча документтер
даярдалууда. Эске салсак, аталган фонд буга чейин Кыргызстанга
мобилдик медициналык топтомдорду сатып алууга
2 миллион доллар грант берген.