Бишкектиктер жашаган районунун инфраструктурасын шаар бюджетинин эсебинен жакшыртып алса болот

Бишкектиктер жашаган районунун инфраструктурасын шаар бюджетинин эсебинен жакшыртып алса болот. Бул тууралуу экономикалык жана каржы саясаты боюнча Алмаз Бакетаев билдирди.

 

Анын айтымында, тургундар өз долбоорлорун депутаттык корпустар боюнча тартуулап, аларды ишке ашыруу үчүн каржылоо ала алышат. Мындай демилгелерге шаар бюджетинен 150 миллион сом каралган.