Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине
турак-жайлардын ачкычтары тапшырылды. Ошондой эле Жазаларды аткаруу
мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жаңы батирлерге ээ болушту.
Тапшырылган турак-жай Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан.
Кошумчаласак, өлкө башчы ар бир үйгө 200 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.
Ушул жылы Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары жана
укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 265 батирлүү 9 үй курулган.