Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги катталган жок

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги катталган жок. Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, республикага  973 миң тонна мунай продукциясы алынып келинди. Анын негизги бөлүгү Россиядан келет.

 

Эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан экспорттук төлөмдөрдөн боштулган.

 

Бул болсо, былтыр 27 миллион доллар үнөмдөөгө шарт түздү. Мунай ташуучулар белгилешкендей, Кыргызстанда күйүүчү май Казакстанга салыштырмалуу кымбатыраак болгону менен, башка коңшу мамлекеттерге караганда, арзан.