Бишкектин №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда вакцина жарактан чыккандыгы үчүн 840 миң сомдук зыян келтирилди.
Бул тууралуу ордо калаанын социалдык суроолор боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, чыгымды борбордун жетекчилиги жана жооптуу тараптары толуктайт. Эске салсак, атайын муздаткыч белгисиз себептерден өчүрүлүп, “Спутник V” вакцинасынын 1 миңге жакын дозасы жарабай калды. Республикалык иммунопрофилактика борбору иликтөө жүргүзүп, 5 адамга сөгүш жарыяланды.