Кыргызстандын дарыканаларында бир колго 20дан ашык медициналык беткаптар сатылбайт

Кыргызстандын дарыканаларында бир колго 20дан ашык медициналык беткаптар сатылбайт. Фармацевтикалык компанияларга мындай тапшырманы Саламаттыкты сактоо министрлигинен беришти.

 

Андан тышкары, жеке коргоочу  каражаттарды Россия, Казакстан жана Кытайдан алып келүү убактылуу токтотулду. Учурда беткаптарды башка мамлекеттерден жеткирүү суроосу каралууда. Белгилеп кетсек, Кытайда коронавирус жайылганына байланыштуу, биздин өлкө дарыканаларында дагы беткаптарды массалык түрдө сатып алуу байкалууда. Буга байланыштуу, алардын баасы дагы көтөрүлүп жатат.

 

Эгер, буга чейин бир даана беткап 5 сомдон сатылса, учурда аны 10 сомдон саткан дарыканалар дагы кездешүүдө.