Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан 318 адам айыкты

Бүгүн Кыргызстанда коронавирустан 318 адам айыкты.

 

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, Бишкекте 23, Чүйдө 18, Ошто 6 Жалал-Абадда 3, Баткенде 20, Нарында 3, Таласта 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Дагы 243 адам үйлөрүнөн дарыланган. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту 3 миң 735 адам жеңди.