Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү бардык троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулду.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, № 5, 10, 4, 17, 6, 7 жана 8-троллейбустун кыймылы токтоду.
Эске салсак, буга чейин мэрия Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги троллейбус линиялары үзүлгөндүгүн билдирген.