Быйыл Жалал-Абадда 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт

Быйыл Жалал-Абадда 30га жакын мектепти ысык тамакка өткөрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Программага ылайык, тамак-аш менен камсыз кылуудан тышкары мектептердин инфраструктурасы жакшыртылып, тамактануу жайлары эл аралык стандарттарга ылайык жабдылат.

Ошондой эле, ысык тамак уюштуруу боюнча башталгыч класстын мугалимдери, ашпозчулар жана мектеп жетекчилери окуудан өтөт.

Облус боюнча 2017-жылдан тарта 100дөн ашык мектеп ысык тамак берүүгө өткөн.