Бишкектин Ахунбаев – 7-апрель көчөлөр кесилишинде жылуулук тармагы оңдолуп жатат. Андыктан, аталган тилкеде жол кыймылы татаалданат, — дешти мэриядан. Андан такташкандай, тармак 1973-жылы салынып, учурда эскилиги жеткен.
Калыбына келтирүү иштери 4-августка чейин уланат, айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.