Ордо калаадагы Абдымомунов көчөсүнүн бир бөлүгү кыймылга жабылат.
«Бишкек жылуулук» тармактарынан билдиришкендей, тилкенин Исанов
көчөсүнөн батышка карай жылуулук түйүндөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Оңдоп-түзөө иштери 10-сентябрга чейин уланат. Мындан улам айдоочуларга
ыңгайсыздыкты жаратпоо максатында, каттамдарды алдын-ал түзүп алуу сунушталат.