Кыргызстанда 600 миңге жакын жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек

Кыргызстанда 600 миңге жакын жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, тапшыра электердин көбү чет өлкөдө жүргөн жарандар.

Биометрикалык маалыматтарды тапшырбай туруп паспорт алууга болбойт.

Ушул тапта аймактарда бул боюнча атайын тактоо иштери жүрүп жатат, — деди – Мамбетов.