Жаңы жылдык балаты-2020 иш-чарасын өткөрүү жана уюштуруу боюнча тендер өткөрүлдү.
Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды.
Пландалган сумма 1 миллион 880 миң сом.
Майрамдык иш-чара 24-декабрдан 27сине чейин
президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда уюштурулат.
Жеңүүчү аталган компания иш-чара өтө турган залды кооздоо жана
балдарга белек ыйгаруу сыяктуу милдеттерди аткарат.
Мунун катарында 3D өлчөмүндөгү мультфильм көрсөтүү,
сүрөтчүлөрдү жалдоо, автобустарды камдоо сыяктуу тапшырмалар каралды.