Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу каналынын” маалыматына ылайык, 15-февралда эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Элебесов, Медеров, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн бириктирген бөлүктө таза суу жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр “Таксомотор” суу дарбазасында оңдоо иштерине байланыштуу.