Бишкекте буга чейин жүрүүгө уруксат берүүчү документтер автоматтык түрдө узартылат. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, уруксат кагаздарын жаңы алайын дегендер 16-апрелден тарта аларды электрондук форматта ала алат.
Эске салсак, кечээ президент Кыргызстандын аймактарында өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу токтомуна кол койду. Эми аны Жогорку Кеңеш колдоого алышы керек.