Бишкектин айрым райондорунда 18-майда суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.
Мунун себеби Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу. Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы зарыл.