Садыр Жапаров ушул жумада мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Садыр Жапаров 18-20-май күндөрү Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевге таянып мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

 

Белгиленгендей, Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселе талкууланат.

 

Жапаров андан тышкары Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле расмий өкүлдөр жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушат.