Баткен облусунда 31 жаңы турак-жай колдонууга берилет. Үйлөр чек ара жаңжалында жабыркагандарга курулган.
Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, турак-жайлар Көк-Терек, Таш-Тумшук жана Достук айылдарында жайгашат.
Белгилеп кетсек, чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдүн ордуна жалпысынан 140 турак-жай курулду.