Бишкектин айрым жерлеринде 28-29-апрель күндөрү жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүү Айни — Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
Мындан улам, Гагарин, Манас, Курчатов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында убактылуу газ берилбейт.