Кыргызстан коронавирустун жайылышын чектегенге Япониянын тажрыйбасын пайдаланат

Кыргызстан коронавирустун жайылышын чектегенге Япониянын

тажрыйбасын пайдаланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин

орун басары Калыс Ахматов билдирди. Анын айтымында, жеке гигиена менен

тазалыкты сактоо боюнча бир катар эрежелерди так аткаруу жетиштүү.

Инфекцияны жуктуруп албоо жана COVID-19 вирусун жок кылуу үчүн

ар бир 15 мүнөт сайын жылуу кайнатылган суу ичип, оозду туздуу суу менен

чайкоо керек. Ошондой эле 2 саат сайын бөлмөлөрдү дезинфекциялап,

желдетип, эл чогулган жерге барбай туруу сунушталат.