Боомдо төрт күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында 29-апрелде жана 2,3,4-майда кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жумуштар эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин болот. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

 

Таш түшүрүү иштери автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында жасалат.