Кыргызстандын аймактары таза суу менен камсыздалат. АКШ элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, USAID уюмунун каржылык колдоосу менен “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору ишке ашырылат.
Анын алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарында калкты таза суу менен камсыздоо боюнча иштер аткарылат.
Андан тышкары, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана эс алгандарга шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтар жакшыртылат. Төрт жылдык долбоордун жалпы бюджети дээрлик 5 миллион долларды түзөт.