Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси бир смена менен 480 окуучуну кабыл алууга чакталган.

 

Анда окуу класстары, процедуралык, методикалык кабинеттер, техникалык имараттар, акты жана спорт залдар каралган. Мэриядан белгилешкендей, 2023-жылга чейин ордо калаа жаңы конуштарында 4 мектеп, бир кошумча корпус жана 5 бала бакча курулат.