Кыргызстан мектептеринде акыркы коңгуроо быйыл онлайн режиминде өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.
Ведомство райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарына бүтүрүүчүлөр үчүн кызыктуу жана өзгөчө видео-кайрылуу жасоону тапшырды. Даярдалган роликтер республикалык каналда 25-майда көрсөтүлөт.
Министрликтен белгилешкендей, эпидемиологиялык абалга байланыштуу, өлкөдө мектепти аяктоо боюнча массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.