Мектептерди ачуу суроосу каралууда

Мектептерди ачуу суроосу каралууда. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, маселени ар бир мектептин жетекчиси өз шартына ылайык карап жатат. Экинчи чейректен тартып балдарды оффлайн окутуу, мектептерди ачуу боюнча чечим каралып, азыр талкууланууда.

 

Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акимдер, губернаторлор жоопкерчилигин алса, комиссиялары чечим чыгарса, ар бир мектеп өз мүмкүнчүлүгүн карап чыккандан кийин оффлайн режимде окуу башталышы мүмкүн, — деди Үсөнбаев.

 

Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары, бала бакчалар март айынан бери аралыктан иштеп жатат.