Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Арча-Бешик конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда объекттин биринчи кабаты көтөрүлүүдө.

Анын менен бирге тышкы инженердик тармактары өткөрүлдү. Мектепке чейинки

даярдоо мекемеси 180 орунга ылайык. Аны быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга

берүү пландалууда. Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.