ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгарылды.
Коңшу өлкөдө январдын башында катталган башаламандыкта президент
Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сураган. Алгачкылардан болуп
Россиянын аскерлери Казакстанга келип түшсө, эртеси уюмга кирген
Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу
күчтөрү барган. Кырдаал турукташкандан кийин аскерлер 13-январдан
баштап чыгарыла баштаган жана бул процесс 10 күнгө созулмак.