Бишкектин Келечек конушунда жаңы 100 орундуу бала бакча пайда болот

Бишкектин Келечек конушунда жаңы 100 орундуу бала бакча пайда болот.

Бул тууралу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Маалыматка караганда,

капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады. Жалпы сумма 66 миллион сомду түзөт.

Анын ичинде инженердик тармактар да камтылат. Арыздарды кабыл алуу 3-июлда токтотулат.